Кыргызстан айлык акылардын дүйнөлүк рейтингинде 132-орунда калды. Тизмеге жалпысынан 200 мамлекет кирген. Рейтинг ар кайсы өлкөлөрдөгү кызматкерлердин орточо таза кирешеси тууралуу маалыматтардын негизинде CEOWORLD журналы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.