2026-жылдын 1-январынан 25-июнуна чейин Кыргызстанда кене чаккан 1 миң 569 учур катталды, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7 эсеге көп. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.