Бишкекте 16-июндан тарта Елебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн тартып түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүндө жолдун үстүнкү катмарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу транспорттун кыймылы убактылуу чектелди. Бул тууралуу Кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.