Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, коммуналдык жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн берилген жаңы атайын техникалар жана автобустар менен таанышты. Ошол эле учурда, алынып келинген техникалардын бир бөлүгү сапат талаптарына жооп бербей турганы белгилүү болду.