Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын башка туристтик аймактарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн гарнизондук саптык кароосунда белгилүү болду.