The Athletic басылмасынын эксперттери 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катыша турган эң күчтүү футболчулардын рейтингин түзүштү. Тизмени түзүүдө оюнчулардын жеке чеберчилиги гана эмес, алардын учурдагы формасы, физикалык даярдыгы, ошондой эле турнир учурунда негизги курамда талаага үзгүлтүксүз чыгуу мүмкүнчүлүгү да эске алынган.