Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Анын жыйынтыгында тараптар 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү пландарын ырасташты жана кызматташуу боюнча макулдашуулардын жаңы пакетине кол коюшту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.