Казакстандын Транспорт министрлиги чек аралардагы 37 өткөрүү пунктун реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Алматы шаарында Евразия өнүктүрүү банкынын жылдык жыйынынын жана бизнес-форумунун алкагында өткөн «Үзгүлтүксүз Евразия: континенттердин кесилишиндеги логистика» сессиясында Казакстан Республикасынын Транспорт министрлигинин Автоунаа жолдору комитетинин төрагасынын орун басары Анар Габдуллина билдирди.